Сооронбай Жээнбеков Түркияда / 30.10.18 / НТС (видео)

520

Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында Түркия Республикасынын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты. Анын алкагында жаңы аэропорттун ачылыш аземине дагы күбө болду. Сооронбай Жээнбеков Түркияга болгон иш сапары учурунда эки тараптуу жолугушууларды дагы өткөрдү.

Ал Пакистандын президенти Ариф Алви, Молдованын мамлекет башчысы Игорь Додон жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, бир катар тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду.