Сооронбай Жээнбеков Юрий Хачатуровду кабыл алды

764

Президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алды. ЖККУнун Башкы катчысы 2018-жылга карата пландары жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча маалымат берип, эки тараптуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков быйыл Минск шаарында ЖККУнун мааракелик сессиясынын жыйынтыктарын канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысы Юрий Хачатуров Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле, Кыргызстан Уюмдун ишмердигине дайым көңүл бөлүп, анын позицияларын бекемдөөгө кылган аракети үчүн ыраазычылык билдирди.