Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту

616

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылып, мамлекеттик орган болобу, өкмөттүк эмес уюм болобу, эмгектенген жерибизге карабай, баарыбыздын теӊ түпкү максатыбыз — өлкөбүздү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртуу, жалпы мекенибиз Кыргызстандын жаркын келечегине кызмат кылуу экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрүнө өз тажрыйба-билимин, энергиясын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына, жаратмандык позицияга багыттоону каалады. Саясий маселелерде гана эмес, өлкөнүн башка көйгөйлөрүн чечүүдө да активдүү болууга чакырды. Ал акыркы жылдарда Кыргызстанда күчтүү жарандык коом түзүлгөнүн, бул биз сыймыктана турган чоң жетишкендик экенин белгиледи. Бул потенциалды мамлекеттин кызыкчылыгында сактап, бекемдешибиз керек.

«Биз жарандык коом менен иштөөгө, өнөктөш болууга даярбыз, ачыкпыз. Конструктивдүү идея, сын-пикирлерди кабыл алабыз», — деди президент. Ал эми коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө айта келип, мамлекет башчысы бул иш убактылуу «өнөктүккө» айланбоосу керек экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле сот реформасына да токтолуп, бул реформаны реалдуу түрдө, калк өз турмушунда сезгендей деңгээлде турмушка ашыруу көп күч-кубатты жана бекем эркти талап кылган өтө олуттуу маселе экенин белгиледи. Анткени бул реформа көп коррупционердин «чөнтөгүн» тарытат. Бул багытта да жарандык коомдун колдоосу өтө зарыл.