Сооронбай Жээнбековдун Анкарага болгон расмий сапары (видео)

1020

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Анкара шаарында эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусунда айтылды. Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алган Реджеп Тайип Эрдоган Түркия Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн ар дайым колдоп келгендигин, эки мамлекеттин мамилелери мындан ары дагы чындалаарына ишенимин билдирди. Соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармагында көп пландар бар. Ушуга байланыштуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин кезектеги саммити быйыл Бишкек шаарында өтөт, деди Сооронбай Жээнбеков.