Сооронбай Жээнбековдун Баткенге болгон жумушчу сапары уланууда

987

Президент Сооронбай Жээнбековдун Баткен областына болгон жумушчу сапары уланууда. Бүгүн ал Баткен району жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту. Президент аймактарды өнүктүрүү менен өлкөнү бутуна тез арада тургузуп койсо болорун белгиледи.

Ошондой эле, мамлекет башчы жергиликтүүлөр менен баарлашып жатып, четке чыгып иштегенче, өз мекеменинде жер иштетип, эмгек кылууга чакырды. Эске салсак, кечээ мамлекет башчы аймактагы Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, Исфана шаарында чек арачыларга жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн батирлеринин ачкычтарын тапшырган.

Ошондой эле, мамлекет башчы Баткен шаарында биофабриканын ачылышына катышып, ата мекендик айыл чарба продукциясынын экологиялык тазалыгын сактап калуу зарылдыгын белгиледи. Эң негизгиси, бул жаатта туура иштерди жүргүзсөк, айыл чарба азыктарыбыз ЕАЭБдин рынокторунда, дүйнөлүк рынокто атаандаштык түзө алат, дейт президент.

Баткендеги биофабрика айыл чарба багытындагы биодары-дармектерди чыгарат.