Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны (видео)

3340

Кыргызстандын ар бир президентинин убагында бажы тармагында иштеп, акча менен камсыздап турган капчыктары болгон. Андай адамдар ондоп эмес, жүздөп саналат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Мамлекет башчы буга чейинки президенттерден айырмаланып, бажы же башка жааттарда иштеп, капчыкка айланган адамдары жок экенин белгиледи. Бажы тармагындагы коррупция эл аралык маселеге айланды, дейт Сооронбай Жээнбеков. Президенттин маалымат жыйынында эң көп суроо ушул жаатта болду.