«Сосновка» постунда саат чоң автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилди

629

Ош-Бишкек жолунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда саат 18:00дөн баштап оор жүк ташуучу чоң автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, мындай тартип аба ырайына байланыштуу киргизилип жатат.

20-мартка чейин кар көчкү жүрүү коркунучуна байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрлөрү үчүн жабылган болчу.

Эске салсак, 13-мартта Чычкан капчыгайындагы Кочкулуу-Булак тилкесине көлөмү 2,5 миллион куб метрди түзгөн көчкү түшүп, жол жабылган. Ал эми марттын 13үнөн 16сына чейин Бишкек-Ош жолуна ар кандай көлөмдөгү беш кар көчкү түшкөн.