Сот аркылуу өндүрүлгөн акча атайын эсепке которулат (видео)

821

Коррупциялык кылмыш иштери боюнча сот аркылуу өндүрүлгөн каражаттар эми атайын банктык эсепке топтолот. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселени чечүүнү тапшырган. Өлкө башчысынын тапшырмасын аткарыш үчүн Башкы прокуратура, атайын кызматтар, Ички иштер мининстрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Улуттук банк биргелешип, анын укуктук-чеченемдик меселелерин иштеп чыгыша турган болушту. Адистер кайтарылган каражаттар үчүн эсеп ачуу менен, кайсы укук коргоо органынан канча каражат коротулаарын көзөмөлдөөгө болоорун айтышууда. Буга чейин мамлекетке кайра кайтарылган каражаттардын суммасы эле айтылып, ал акча өлкө казынасына салыктык эмес төлөм катары кошулуп келген.