Сот Артыкбаевди 13-октябрга чейин камакта калтырды

761

31-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 13-октябрга чейин камакта калтырды. Артыкбаевдин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчтөрүн сот канааттандырган жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), 7-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевге “Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык айып таккан.

Осмонбек Артыкбаевди УКМК 5-июнда суракка чакырып, сөз болуп жаткан кылмыш ишине шектүү катары камакка алган. Ошол күнү Башкы прокуратура депутатка карата “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Башкы көзөмөл органы Артыкбаевди 2013-жылы энергетика министри болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу «Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн» деп айыптап жатат.