Сот аткаруучулар НТС телеканалындагы мүлктү каттоодон өткөрүшүүдө

787

НТС телеканалында сот аткаруучулар камакка алынган мүлктү тизмелеп каттап жүрүшөт. НТС телеканалы болсо өзүнүн ишин штаттык режимде улантууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин НТСтин жамааты телеканалдын айланасында болуп жаткан окуя боюнча Сот департаментинен келген сот аткаруучу менен сүйлөшүү жүргүздү.

Анда сот аткаруучу НТС телеканалынын ишмердүүлүгү токтотулбай турганын жана мында мүлктү каттап, жоопкерчиликтүү тарапка өткөрүп берүү аракети көрүлүп жатканын кабарлады.