Сот аткаруучулар НТСтин телемунарадагы мүлктөрүн камакка алды

807

Бүгүн сот аткаруучулар НТС телеканалынын Орто-Сай айылына жакын аймакта жайгашкан телемунарадагы мүлктөрүн камакка алды. Бул боюнча 22-декабрда эл аралык издөөдөгү кылмышкердин ишенимдүү өкүлү Елена Дзимидович Чүй областынын Аламүдүн райондук сот аткаруучуларына кайрылыптыр. Анын негизинде, бүгүн 3 сот аткаруучу телемунарага барып, ал жактагы мүлктөрдү камакка алышты.

Бирок жабдыктарды каттоодо бир топ мүчүлүштүктөрдү кетиришти. Тагыраак айтканда, Чүй областынын Аламүдүн райондук сот аткаруучусу Талантбек Нурматов күбөлөрдүн өздүк документтерин текшербей туруп, күбө катары алып келген. Ага кошумча, алар мүлктү камоо жана каттоо иш чарасына башынан аягына чейин толук катышкан жок. Бул мүчүлүштүктөр НТСтин юристтери тарабынан белгиленип, каттоого алынды. Ал эми мүлктөрдү сактоо боюнча милдет НТСтин башкы директору Жайнак Үсөн уулуна өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 19-декабрда сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган Сергей Костыриндин Белиз өлкөсүндө каттоого алынган «Грекстон Кэпитал» компаниясы Бишкек шаардык райондор аралык сотуна кайрылган. Ушул эле күнү судья Айдарбек Алымкулов НТСтин мүлктөрүн камакка алуу жана каттоо чечимин чыгарып, кечке маал сот аткаруучулар телеканалдын имаратына келишкен. Эртеси болсо, НТСтин башкы кеңсесиндеги мүлктөр катталып, камакка алынган.