Сот аткаруучулардын иши канчалык деңгээлде натыйжалуу? (видео)

888

Кыргызстандын соттук департаментинин ишинде кош стандартуулук барбы? Жогорку соттун төрайымынын маалыматы боюнча өлкөдө Фемида өкүлдөрүнүн чечимдеринин 45 пайызы аткарылбайт экен. Анткени адистер жетишсиз, маяна аз дешет. Бирок айрым иштерде сот аткаруучулар фемида өкүлдөрүнүн чечимин ошол замат жүзөгө ашырууга киришкени таң калтырбай койбойт. Алсак, НТС телеканалынын мүлкүн камакка алууга департаменттин беш кызматкери келип, эки күн убакыт коротушту. Алардын эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкердин өтүнүчүн өтө тездикте аткарууга далалат жасаганы соттук аткаруучуларды жылдап күткөн тарапты нааразы кылууда.