Сот Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовду камакта калтырды

871

Бишкек шаардык соту Жалал-Абаддын мэри, Электр станциялары ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду камакта калтырды. Аткаминер Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул болбой, үй камагына чыгарууну өтүнүп экинчи инстанцияга кайрылган. Бирок фемида өкүлдөрү айыпталуучунун арызын канаттандырган жок.

Өткөн айда Салайдин Авазов Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону ишке ашыруудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 2 айга камакка алынган. Аны менен кошо Авазовдун мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров да УКМКнын тергөө абагына киргизилген.