Сот мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевди 9 жылга эркинен ажыратты

8398

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум болуп өттү. Соттун чечимине ылайык, Зилалиев күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан «Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.