Сот органдарында тергөө судьялары пайда болот (видео)

1065

Кыргызстадын сотторунда дагы кошумча 56 судьялык кызмат орду пайда болот. Алар «соттук тергөөчүлөр» деген статуста иштешет. Жогорку Кенеште жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Тергөө сотторунун маянасы калган судьялардын деңгээлиде эле болмокчу. Алардын жардамчыларынын айлык маянасы — 10 миң сом, катчысыныкы — 8 миң сомду түзөт.

Айрым депутаттар тергөө сотторунун айлыгы аз болгондуктан ар кандай азгырыктардан улам калыс чечим чыгара албайт деп кооптонушууда. Жогорку соттун сот департаментинин директору Рустам Ибраимов, сот органдарынын штаты кеңейгенине байланыштуу, айлык акы фонду үчүн 2019-жылдын бюджетине 38 миллион сом кошулганын маалымдады.