Сот процесстери эми аудио жана видеого тартылат (видео)

1316

Эми өлкөнүн сот залдарында аудио, видео жаздыруучу жабдыктар орнотула баштайт. Учурда бул саамалык пилоттук долбоор катары Бишкек шаардык сотунда ишке ашырылууда. Адистердин айтымында, бул сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу максатында жасалууда.

Андан тышкары, соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилип жатыптыр. Бул долбоордун алкагында арыз даттануулардан тарта, соттун жүрүшү анын жыйынтыктары боюнча маалыматтардын баары электондоштурулат. Отчеттер, статистикалык маалыматтар, каралган иштер боюнча протоколдор тууралуу маалыматтарды онлайн режимде ишке ашыруу үчүн аракеттер жүрүп жатат.