Сот Райым Матраимовду кызматына кайтаруу өкүмүн чыгарды

714

Райымбек Матраимов Бажы кызматына кайра ишке алынышы керек. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков «ишенимден чыкты» деген жүйө менен аны кызматтан алган. Кийин Исаков кызматтан кеткенден кийин Матраимов «негизсиз иштен алынганын» айтып, өкмөттү сотко берген.

Бүгүн сот аны кайра ордуна алуу өкүмүн чыгарды.