Сот реформасы эмнеге аягына чыкпай жатат? (видео)

1256

Акыйкатчы институтуна жардам сурап кайрылгандардын 70 пайызы сот жана укук коргоо органдарынан жабыркагандар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук тартиби жана регламент комитетинин отурумунда айтылды. Анда бир катар депутаттар Жогорку Соттун судьясы кызматына сунушталып жаткан талапкердин маселесин карап жатып, тармакты реформалоо аракетинен он жыйынтык чыкпай жатканын билдиришти. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, өзгөчө экономиалык маселелер боюнча сотторго наразычылык арбын болууда. Айрым судьялардын коррупциялашуусунун кесепети өлкөгө келген инвесторлорду да чоочутууда, дешет депутаттар.