Сот реформасы ишке ашырылып жатабы? (видео)

952

Жаңы жылдан тарта өлкөдө пробация институту ишке кирет. Аны уюштуруу милдети жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жүктөлөт. Пробация институту жеңил иштер боюнча соттолгондорду эркиндигинен ажыратпастан эле туура жолго салууга жардам берет дешет адистер. Ошондой эле, соттолуп, абактан чыккандарды дагы оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Башкача айтканда пробация институту жазасын өтөп чыккандарды жумушка орноштуруу, психологиялык жактан жардам берүү, жаңы жашоого көнүтүрүү менен коомчулукка кайтаруу иш-чаралары каралган. Сот реформасы боюнча түзүлгөн жумушчу топ бул жаатта жасалып жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.