Сот Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды

874

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды. Мурдагы өкмөт башчынын абактагы мөөнөтүн узартууну тергөө органдары өтүнгөн.

Буга чейин Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуу боюнча соттук коллегиясы Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин өзгөрткөн.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейинки инстанциядагы соттор «Сапар Исаков 13-августка чейин тергөө абагында болушу зарыл» деген чечим чыгарган. Ал эми Жогорку соттун соттук коллегиясы бул датаны 5-август деп аныктаган болчу.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.