Сот тарабынан акталган 15 орусиялык Пхёнчханга чакыруу ала албайт

1011

Эл аралык олимпиадалык комитет Спорт арбиртаждык соту тарабынан акталган орусиялык 28 спортчунун 15ин Пхёнчханда өтө турган оюндарга чакыруудан баш тартты.

Уюмдун сайтында маалымдалгандай, кеп 15 атлет жана эки машыктыруучу – Альберт Демченко менен Сергей Чудинов жөнүндө болуп жатат.

Эл аралык олимпиадалык комитет спорчулар кайра текшерүүдөн өткөндөн кийин деле тыюу салынган препараттарды колдонгон деп шектелип жаткандыктарын билдирүүдө. Сочи Олимпиадасындагы допинг-пробаларды кайра текшерип чыккан комиссия орусиялыктардын айыптуу экенин аныктоо үчүн жетиштүү деңгээлде далил таба алган жок. Себеби аларды тиешелүү материалдар менен камсыздашкан эмес, деп түшүндүрдү комитеттен.

Күн мурун эл аралык олимпиадалык комитеттин башчысы Томас Бах Спорт арбитраждык сотунун (CAS) 28 орус атлетин актоосу күтүүсүз болгонун билдирген. Ал бул чечим спортчулар мындан ары Олимпиадага чакырылат дегенди билбирбей турганын баса белгилеген.

Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада оюндары 9-февралда башталат.