Сотто экс-мэр Кубанычбек Кулматов эмнеге күлдү? (видео)

963

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту 20-мартка жылды. Коррупцияга шектелип жаткан аткаминерлерге карата козголгон 3 кылмыш иши бириктирилип каралууда. Бирок соттук отурум ушуну менен экинчи жолу болбой калды. 6-мартта адвокаттар келбей калып, процесс үзгүлтүккө учураса, бул жолу 5 адам айыптоочу корутунду менен тааныша элекпиз деп чыгышты.

Эми айыпталуучулардын адвокаты Сергей Слесарев 3 кылмыш ишин бириктирип кароого макул болбой, протест жарыялоого камынууда. Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов экөө тең Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда коррупцияга жол берди деп шектелгени үчүн кылмыш иштерин бириктирип кароо чечими кабыл алынган.