Соттолгон саясатчылардын абактагы күндөрүн эскерүүсү (видео)

4230

2,5 жылдан бери абакта жазасын өтөп жаткан дагы бир мурдагы депутат Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады. Анын арызы азыр тиешелүү комиссиянын кароосунда экен. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров 6 жыл мурда Ысык-Көл областында башаламандык уюштурган, барымтага алган деп күнөөлөнүп 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл Жогорку сот анын жазасынын 1,5 жылын кыскарткан. Ошентип азыр биздин эсеп боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы 4, азыркы 1 депутаты түрмөдө отурат. Алар: Алмазбек Атамбаев, Райкан Төлөгөнөв, Садыр Жапаров, Дамир Асылбек уулу жана учурдагы эл өкүлү Осмонбек Артыкбаев.

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен жылдан бери алсак, өлкөдө биринчи соттолгон саясатчы Топчубек Тургуналиев экен. Ал Акаевге кол салууга аракет кылган деп жана башка бир катар кылмыштар боюнча 3 жолу соттолуп, 28 жылга кесилген. Кийин ал өз чындыгын далилдеп акталып чыккан. Ошентсе дагы ал 4 жылдык өмүрүн 9 абакта өткөргөн. 20 жыл мурдагы жашоосунун ошол татаал күндөрү азыр аксакалдын дагы деле көз алдында. Түрмөдө эң көп отурган саясатчылардын дагы бири Феликс Кулов. Ал 2000-жылы соттолуп, март революциясына чейин 5 жыл абакта күн өткөргөн.

Саясаттын казанында кайнап эл алдында жүргөн адамдардын жабык жайлардагы жашоосуна кызыгып көрдүк. Абак алардын мүнөзүн өзгөрттүбү, темир тордон чыккандан кийин жашоого, саясатка болгон көз карашы алмаштыбы, деги эле жылуу жумшак бардык шарты бар үйдө жашап, тамактын таттуусун жеген мурдагы депутаттар, министрлер абактагы дүйнөгө кантип көндү? Ушул суроолорго жоопту кийинки материалдан көрүңүздөр. Белгилей кетчү учур, жазылбаган мыйзамдар боюнча түрмөгө отуруп чыккан адам ал жактагы татаал жашоо тууралуу көп айта бербеши керек экен. Ошондуктан каармандарыбыздын айрымдары тартынып жатышты.