Соттолгон саясатчылардын конфискацияланган мүлктөрү (видео)

7018

Соттолгон саясатчылардын конфискацияланган мүлктөрү азырынча мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлүп бериле элек. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Соттун чечими менен экс-мэр Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылып, мал-мүлкү мамлекеттин карамагына алынган.

Анын алдында ушундай эле чечим Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаковдорго карата дагы чыккан. Маалыматтарга караганда, 2014-жылдан бери сот тарабынан 125 объект конфискацияланып, мамлекеттик мекемелердин карамагына өткөрүлүп берилген.