Соттор кеңеши Октябрь райондук сотунун төрагасын жазалоону өтүнүүдө

828

Дагы бир судья жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Соттор кеңеши Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагасы Эрнис Чоткараевди жазалоону өтүнүп, тартип комиссиясына арыз менен кайрылды. Маалыматтарга караганда, Чоткараев башка судьялар менен биригип алып, жол эрежесин бузган айдоочулар боюнча мыйзамсыз иштерди жасаган деп шектелүүдө.

Фемида өкүлдөрү көп учурда жыйын өткөрбөй туруп эле чечим чыгарып, айрым соттук териштирүүлөргө жада калса эреже бузган айдоочулар катышпаганы белгилүү болгон. Бул ишке Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кээ бир кызматкерлери катышкан. Алар автоунааларды айып жайынан чыгарып турушкан.

Мындай коррупциялых схеманы УКМК аныктаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.