Соттор «Кумтөргө» тартып жатабы? (видео)

796

Узакка созулган соттук териштирүүлөр! Кумтөр компаниясында жумуштан кыскартылып калган Махмут Султанов ишкананын бул чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, сотко 2014-жылы эле кайрылган. Бул жарандык иш болгонуна карабай, 4 жылдан бери бул процесс аягына чыкпай келет.

Арыз берүүчү мунун себеби соттор Кумтөрдүн кызыкчылыгына иштеп жатканында, деп эсептейт. Махмут Султановдун адвокатынын айтымында, ал бул иште бир катар мыйзам бузууларды таап чыккан.