Соттордон адилеттүүлүк таппаган жарандар (видео)

2315

«Соттордон адилеттүүлүк таппаган жарандардын мөөнөтсүз митинги». Жогорку Кеңештин имаратынын алдында дал ушундай аталыштагы акция өттү. Иш-чарага 20га жакын адам катышты.

Алардын көпчүлүгү өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келгендер. Митингге чогулгандардын бардыгы соттордун чечимине нараазы болуп, жапа чеккендерин айтышууда. Алар сот системасын реформалоону тездетүүнү талап кылышты.