Соттордун «мурдагы көмүскө кардиналы» кармалды (видео)

602

Мурдагы бийлик учурунда сотторго көмүскө таасир берип келген адам кармалды. Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев оор берене боюнча камакка алынды. Ал чет өлкөлүк инвестордун мүлкүн тартып алуу ишинде коррупцияга шектелип жатканы кабарланды. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал кайсы иш экени ачыкталган жок.

Ошентсе дагы, буга чейин Арабаевдин аты Бишкектин чок ортосундагы көп кабаттуу үйдүн тегерегиндеги чыр боюнча айтылып келген. Ал объектти уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кытай ишкеринен рейдерлик жол менен тартып алганы аныкталып, аларга жардам берген 7 судья кармалган болчу. Так ошол фемида өкүлдөрү Манас Арабаевге каршы көрсөтмө бериши мүмкүн.