Соттордун үстүнөн даттануулар көп (видео)

657

Эки жыл аралыгында эле соттордун үстүнөн арыздангандардын саны 2,5 миңге жетти. Даттануулардын көбүндө фемида өкүлдөрү адилетсиз чечимдерди чыгарып, кызматтык абалынан аша чапкандары белгиленген. Буга байланыштуу учурда Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы 200дөн ашуун арызды карап жатыптыр.

Ошондой эле, арыздангандардын бир тобу судьялардын орой мамилесине жана соттук процесстердин негизсиз создуктурулушуна туш болгонун да айтышкан. Соттордун үстүнөн даттануулар эмне үчүн көбөйүп жатат?