Сотторго байланышкан коррупциялык схеманын бети ачылды (видео)

534

Сотторго байланышкан дагы бир коррупциялык амалдын бети ачылды. Бул жолу Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагасы баштаган судьялар жол инспекторлору менен биргеликте мас абалында машине башкарган айдоочулардан өндүрүлгөн акчалай айыпты мамлекеттик бюджетке төкпөй өз ара бөлүп алып жүрүшкөн, деп шектелүүдө.

Бул иштер УКМК жүргүзгөн атайын иликтөөнүн натыйжасында билинген. Учурда башка райондордун соттору да текшерилип жатканы айтылууда. Эксперттер соңку кездери буга окшогон мыйзам бузуулар байма-бай ачыкталып жаткандыктан тармакты тезинен реформалоо керек, дешүүдө.