Сотторго кысым көрсөтүп, коркуткан жетекчилер кимдер? (видео)

9096

Башкы прокуратура, УКМК жана ички иштер министрлигинин кызматкерлери соттордун ишине кийлигишүүсүн токтотушу керек. Судьялардын кезектеги 12-курултайында президент Садыр Жапаров аларга катуу эскертүү берип, күч органдарынын жетекчилери фемида өкүлдөрүнө болгон басым жасоо фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Ушул эле ойду Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков дагы колдоп, сотторго кысым көрсөткөндөргө чара көрүү зарылдыгын билдирди. Өлкөнүн башкы судьясы айлык көтөрүлгөнү менен фемида өкүлдөрү көз карандысыз боло албай жатканын мойнуна алды.