Сотторго жарандардын 73 пайызы ишенеби? (видео)

627

Кыргызстанда калктын 73 пайызы соттордун ишине канааттанат. Мындай маалыматты Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева эл аралык уюмдар менен биргеликте жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянып билдирген. Бул маалымат кечээтен бери кызуу талкууланып жатат. Буга чейин тескерисинче, сотторго элдин ишеними өтө төмөн экени айтылып келген.

Ушул аптанын башында өткөн ишкерлер менен болгон жолугушууда президент Соронбай Жээнбеков коомдун сот адилеттүүлүгүнө болгон ишеними солгун экенин дагы бир жолу айткан эле. Ал эми эксперттер соңку 8 жылдын ичинде соттордун ишинин сапаты начарлаганын айтышууда.