Соттук териштирүүлөр менен аяктаган кайрыдуулук (видео)

561

Көзү азиздерге жардам берүү аракетинин арты соттук териштирүүлөр менен аяктады. Япониянын жараны Матсуда Шинджи бир нече жылдан бери кыргызстандык Элнура Эмилканова менен соттошууда. Чет өлкөлүк жарандын билдиргенине караганда, Эмилканова ири суммадагы акчаны кымырып алган. Япониялык жарандын каражатына көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жарандарга атайын борбор ачылган.

Бирок смета туура эмес түзүлүп, чыныгы чыгымдардан алда канча көп көрсөтүлгөнү айтылып жатат. Ошол эле учурда, көзү азиз адамдарга Брайл арибин таанытып, компьютер жана англис тилин үйрөтө турган борбордун иши токтоп калган.