Соттук жыйын Алмазбек Атамбаевсиз өтөт (видео)

571

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтөт. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды. Буга Атамбаевдин «баштапкы соттук жыйынды менсиз эле өткөрө бергиле» деген арызы негиз болгон.

Белгилей кетсек, ушуну менен Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн үчүнчү жолу баш тартты. Азиз Батукаев боюнча иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.