Соттун чечими менен жабылган сайт доменин өзгөртүп, кайра иштей баштаган

690

Россияда жасалма кыргыз паспортторун саткан сайт буга чейин соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын документтерин даярдоого тиешеси бар кишилерди аныктоо, мыйзамсыз иштерге тыюу салуу жаатында Москвадагы укук коргоо органдары менен биргелешкен ыкчам иш-аракеттер жүрүп жатканын маалымдады. Тартип сакчыларынын маалыматына караганда, сот аркылуу жабылган сайт доменин өзгөртүп, мыйзамсыз ачып алып иштетип жаткан.

Эске салсак, Россиянын айрым сайттары Кыргызстандын ички жарандык паспортторун 15 миң рублден сатып жатканы тууралуу жазып чыгышты. Буга чейин эле Кыргызстандын жасалма паспорт маселеси көптөгөн эл аралык чырларда ачыкка чыгып келген.

Бир нече жыл мурун Стамбулдан террорчулук үчүн шектүү катары кармалгандардын жанынан Кыргызстандын 90 паспорту табылган. Былтыр Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү үчүн шектүүлөрдөн да кыргыз паспорту чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.