Совет доорунан калган көчөлөрдүн ысымдары өзгөртүлөбү? (видео)

701

Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө ыйгаруу демилгесине маркумдун жакын туугандары каршы. Алардын пикиринде, Совет доорунан калган тарыхий мурасты өзгөртпөй эле, тескерисинче сактап калуу керек. Анын ордуна, жаңы социалдык-экономикалык же маданий жаңы объектилер курулса, Усубалиевдин атын койсо болот, дешет анын жакындары.

Ал эми айрым депутаттар менен тарыхчылар Бишкектин көчөлөрүнө Кыргызстандын эгемендүү өлкө катары түптөлүшүнө салымын кошкон улуу инсандардын ысымдарын ыйгаруу керек деген пикирлерин айтышууда. Баса белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңеши көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө 5 жылдык мораторий киргизген.