Сөз эркиндиги: үмүттөндүргөн кадамдар (видео)

1089

Жогорку сот журналисттерге коюлган миллиондогон долбоорду бөлүп төлөө боюнча өтүнүчтү карап, ишти артка кайтарды. Сөз «Zanoza.kg» сайтынын негиздөөчүлөрү жана укук коргоочу Чолпон Жакупова жөнүндө болуп жатат. Эске салсак, өткөн жылы башкы прокурордун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча сотко кайрылуусунун негизинде журналисттерге жана басылмага жалпысынан 27 миллион сом айып салынган. Ал арада жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков журналистердин бирине болгон дооматынан баш тартты. Бул кадамды адистер, бийликтин сөз эркиндигине болгон көз карашы жакшы жагына өзгөрүүдө деп кабыл алышууда.