Сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы акция (видео)

3390

Өлкөдө сөз эркиндиги корголуп, коррупция менен күрөшүү күчөтүлсүн! Бишкекте «Реакция» аталышындагы жарандык акцияга катышкандар дал ушундай талаптарды айтып жатышты. Алар айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына миллиондогон доо-арыздардын жазылып жатышына нааразы.

Бул акция болуп жатканда өздөрүн «40 чоро» коомдук кыймылынын өкүлдөрүбүз дегендер да келишти. Бирок милиция эки топту бири-бирине аралаштырбай, тартипти сактап кала алышты.