Сөзү жок фильм. Кыргызстанда алгачкы ирет мюзикл тартылууда (видео)

1020

Кыргызстанда алгачкы ирет мюзикл жанрындагы тарыхый фильм тартылып жатат. 19-кылымдагы окуяларды камтыган тасмада актёрлор — музыка жана бийдин жардамы менен аткарышат. Анын эпизоддоруна 50 актёр катышса, массовка үчүн 1200 адам тартылган. Ошондой эле, Казакстандан да чакырылган. Тарыхый фильмде колдонулган буюм-тайымдар жана декорация кол менен жасалган. Актёрлор кийген костюмдар да чындыкка жакын болсун деп колго тигилген. Мюзикл жанрындагы фильм келерки жылдын жаз айларында көрүүчүлөрдүн сынына коюлат, дешет чыгармачыл топтун мүчөлөрү.