Спорт чебери Жоламан Шаршенбеков президенттен белек алды (видео)

680

Ар бир спортчунун жеңиши — жалпы кыргызстандыктардын ийгилиги. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери Жоламан Шаршенбековду жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудовду кабыл алып жатып билдирди. Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалын жеңип алган.

19 жаштагы спортчунун жеңиши — Кыргызстан үчүн дүйнө чемпиондугундагы 18 жаштан өткөн спортчулар арасында тарыхта Канат Бегалиевден кийинки экинчи ийгилик болуп калганы да белгиленди. Мамлекет жетекчиси жаш спортчуну жеңиши менен куттуктап, алдыда мындан дагы жогору чемпиондук орунга чыгуусун каалады.