Спорт мектебиндеги көйгөйлөр (видео)

832

Спортто коррупцияга жол жок! Бишкекте ушундай чакырык менен митинг өттү. Ага Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервде окуу жайынан мыйзамсыз жумуштан алындык деген 5 машыктыруучу, бул спорт мектебинин бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери катышты. Буга чейин окуучуларынын мушташтары менен аты чыккан окуу жайынын жетекчилигин эми коррупция боюнча айыпташууда.

Нараазычылык акциясынын катышуучулары Республикалык Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчисин жоопко тартууну талап кылып жатышат. Ал эми спорт мектебинин директору өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, иштен алынган мугалимдер аттестациядан өтпөй калганын айтууда.