Спортчулардын тирешине эмне себеп болду? (видео)

1567

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев убактылуу кызматынан четтетилди. Арызды ал өзү жазган. Белгилей кетсек, өткөн жума күнү спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу президентке видео кайрылуу жасап, анда Саркарбаев башында турган топтон запкы көрүп, а түгүл бутуна ок жегенин да билдирген.

Спортсмен кайрылуусунда Раим Матриамовдун да ысымын атап, айыптап өткөн болчу. Ал арада Кылычбек Саркарбаев Төлөгөн Рахманберди уулунун айткандарын төгүнгө чыгарса, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов спортчу алардын фамилиясына атайылап көө жаап жатканын айтууда. Эки тараптын тиреши эмнеден улам келип чыккан?