Спорттук карьерасын кримдүйнөгө алмаштыргандар (видео)

1590

Кылмышка шектүүлөрдүн арасына кошулган спортчулардын тизмеси күндөн-күнгө узарууда. Он күн ичинде дүйнөлүк жана өлкө чемпиону болууга жетишкен бир катар балбан-мушкерлер колго түшүрүлүп, камакка алынды.

Арасында кримтөбөлдөр менен жакын байланышта болуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биргеликте жаңжалдарга катышкандар да бар. Ал тургай, кимдир бирөөлөрдү опузалап, акча талап кылгандар да жок эмес. Ушундан улам грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиону Роман Царев улуттук курамадан чыгарылды. Ал спортчунун этикасын бузганы үчүн жазаланды.