“Спутник V” вакцинасын ала тургандар кезек күтүүдө (видео)

3393

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар кайрадан көбөйүүдө. Акыркы бир суткада дагы 247 адамдан Ковид-19 вирусу табылган. Учурда өлкө боюнча коронавируска каршы эмдөө иштери уланууда. Ал үчүн борбор калаада эле 10дон ашык жай ачылып, анын үчөөндө “Спутник V” менен эмдөө жүргүзүлүүдө.

“Синафарм” препараты 18 жаштан өйдөңкү ар бир каалоочуга сайылып жатса, россиялык вакцина азырынча 65 жаштан жогорку жарандарга гана колдонулууда. “Спутник Vни” сайдырууну каалагандардын саны көп болуп, эмдөө жүргүзүлгөн жерлерде элдин узун кезеги байкалууда.