Статистика «каргашалуу июлдун» көрсөткүчтөрүнө жакындоодо (видео)

1601

Коронавирус боюнча статистика былтыркы «каргашалуу июлдун» көрсөткүчтөрүнө жакындай баштады. Ак халатчандар өлкөдө коронавирус боюнча эпидкырдаал курчуганын айтып, коңгуроо кагышууда. Акыркы бир суткада 306 адамдан жаңы типтеги вирус аныкталып, 4 бейтап көз жумду.

Ал арада санитардык талаптар күчөтүлүшү мүмкүнбү деген суроо көбөйө баштады. Республикалык штаб кафе-ресторандар, оюн зоок жана соода жайлары жабылбай турганын билдирди. Ал эми бала бакча, мектептерди жабуу маселеси кырдаалга жараша чечилет экен.