Статком: Калкты каттоо боюнча жалган маалыматтар таратылууда

976

Улуттук статистика комитети жарандарды өздөрүн аталган комитеттин кызматкери деп тааныштырып, калкты каттоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын айткан адамдарга алданбоого чакырды. Мекеме тараткан маалыматта көз боёмочулар Улуттук статистика комитетинин кызматкерлеринин жасалма күбөлүгүн көрсөтүп, адамдарды ишендирип жатканы айтылат.

Маалыматтар чогултулгандан кийин, сурамжылоо жүргүзүлгөн адамдардын үйлөрүнө ууру киргени белгиленген. Аталган комитет элди жана турак жайларды каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү иштери 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин жүргүзүлөрүн эскертет. Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети жакын арада эл жана турак жай каттоо боюнча иштерди жүргүзбөй турганын билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.