Статком: Кыргызстанда бала көп төрөлүүдө

931

Кыргызстанда баланын төрөлүшү боюнча демографиялык көрсөткүч өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Мекеменин демография бөлүмүнүн адистеринин билдирүүсүнө караганда, мындай көрүнүш 2000-жылдан бери байкалып келүүдө. Мисалы, быйыл алгачкы 5 айда былтыркы жылдын ошол мезгилине караганда 606 балага көп төрөлгөн. “2018-жылы бул көрсөткүч 69 миң 412 түзсө, быйыл январь-май айлар арасында эле 70 миң 18 ымыркай төрөлдү.

Маалыматка ылайык, эркек балдар көбүрөөк төрөлүүдө. Пайыздык көрсөткүч менен эсептегенде кыздар 48-49, ал эми эркек балдар 51-52 пайыз.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.