Стокгольмдогу теракт: өзбек жараны күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алды

820

18-апрелдеги сот отурумунда Швециянын борбору Стокгольмдо теракт жасаган деп айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов тагылган айыптарды жарым-жартылай моюнуна алды.

Швеция радиосунун кабарлашынча, 18-апрелде Стокгольм соту былтыр апрелде өлкө борборунда жасалган терактка күбө болгон жабырлануучуларды угуп бүттү. «Акилов 149 доочунун 130у айткан кылмыштарды моюнуна алды. Ошондой эле ал соттук териштирүүлөр башталганда теракт маалында каза болгон беш кишини өлтүргөнүн айткан», – деп билдирди Швеция радиосу.

Буга чейин Рахмат Акилов Стокгольмдогу терактты «Ислам мамлекети» террордук тобунун башчыларынын биринин буйругу менен жасаганын билдирген.

Бул иш боюнча быйыл 13-февралда башталган сот 9-майда аяктап, өкүм июндун экинчи жарымында чыгат.

Өзбекстандын 40 жаштагы жараны Рахмат Акилов былтыр апрелде жүк унаасы менен Стокгольм борборунда жөө адамдарды тебелетип кеткен. Анын жыйынтыгында беш киши каза болуп, дагы он беши түрдүү жаракаттарды алган.

Мурдараак адвокат Йохан Эриксон Акилов терактты швед коомун коркутуу жана Швеция өкмөтүн «Ислам мамлекетине» каршы согуш жүргүзүп жаткан эл аралык коалициянын курамынан чыгууга мажбурлоо максатында жасаганын билдирген.