Стокгольмдогу терактка айыпталган өзбек жаранынын соту эртең башталат

683

2017-жылы апрелде Стокгольмдо болгон терактка шектелип кармалган 39 жаштагы өзбек жараны Рахмат Акиловдун соту 13-февралда башталат. Ал терроризм беренеси боюнча айыпталууда.

Рахмат Акилов жүк унаасын уурдап качып, Стокгольмдо беш адамдын өмүрүн алган терактты жасаган деп шектелүүдө. Ага терроризм жана террордук актыны ишке ашырууга аракет кылган деген айыптар коюлган. Бул иш боюнча сот жараяны майда аяктап, өкүм июнда чыгат деп күтүлүүдө.

Акилов сотто 20-февралда сөз сүйлөйт. Тергөөнүн версиясы боюнча ал 7-апрелдеги кол салууга чейин жана андан кийин «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун жоочулары менен байланышып турган.

ИМ тобу Стокгольмдогу чабуул үчүн жоопкерчилик алган эмес.