Стратегиялык обьекттер жеке колдорго өтөбү? (видео)

811

Стратегиялык обьекттер жеке жактарга башкарууга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Мындай сунушту камтыган документ Жогорку Кеңеште каралууда. Демилгечилердин айтымында, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирсе, пайда алып келбей жөн эле турган көп обьекттердин иши алга жылат. Азыр болсо, аларга мыкты менеджмент жетишпей жатыптыр. Ошол эле убакта, депутаттарда башка суроо жаралды. Мындай багыттагы мыйзам 7 жыл мурда эле кабыл алынып, бирок документ иш жүзүндө бир да жолу колдонулбаптыр. Себеби анда механизмдер так көрсөтүлбөй калган.